Дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте 13 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер делген айдоочу бир айга камалдыАдылбек Касымалиев шайлоого байланыштуу өкмөттө иштегендерге кайрылуу жасадыАлдыда кененирек... Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе кызмат ордун тапшырып берсин. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргенин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады. "Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана президенттин администрациясынын кызматкерлерине кайрылып: “Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе — анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоодо иштесин”,-деп айтты деп жазган ал.
Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө себепкер делген айдоочу бир айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, жашы жете элек шектүү Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү мекемесинин тарбиялоо колониясына камалган. Эске салсак, жол кырсыгы 18-октябрь күнү борбордун Бөкөнбаев менен Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Lexus RX 330 менен Toyota Camry кагышып, экинчиси тротуарга чыгып кетип төрт кишини сүзгөн. 13 жаштагы өспүрүм ошол жерден каза болгон. Кайгуул милициясы Toyota Camry автоунаасын 17 жаштагы өспүрүм айдап бара жатканын белгилеген.
Дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, сынак президенттин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Кароо-сынак улуттук эпостордун жана дастан өнөрүнүн мурастарын келечек муунга өткөрүү, өнүктүрүү, жаш таланттардын шыктандыруу, коомчулукка таанылуусуна шарт түзүү максатын көздөйт. Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алат. Катышуучулардын жашы чектелбейт. Кароо-сынак эки айлампа менен 17-ноябрда Кыргыз улуттук Манас театрында өтөт.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди кабыл алып жатып Украина менен биргеликте Россиянын да коопсуздук кепилдигин талкуулаган. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазганын РИА Новости кабарлады. "Трамп Киевдин да, Москванын да коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз калды", — деген агенттиктин маектешинин бири. Маалыматта украин делегациясы үчүн АКШ лидеринин позициясы бир топ эле күтүүсүз болгону айтылат. Ал мындай кадамга Зеленский аймагын өз ыктыяры менен бербей турганын айткандан кийин барган. "Трамп "турган жерде, башкача айтканда, демаркация линиясында" келишим түзүүнү чечип, жолугушуу ошону менен жыйынтыкталган", — деп жазды агенттик. Маалымат бергендердин биринин айтымында, Трамп эгер Киев кепке келбесе "өлкө (Украина — ред.) жок болот" деген жүйө келтирген. Мындан тышкары, АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф Украинадан Россия менен аймак "алмашууга" макул болуусун катуу талап кылгандардын бири болгон.