БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн эртең менен чыккан өрт толугу менен саат 16:00дө өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттүн болжолдуу аянты 1 895 чарчы метрди түзгөн.
Ал арада президент Садыр Жапаров Ош шаарында чатыры күйүп кеткен бул үйдү калыбына келтирүүгө тапшырма бергенин калаанын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Ал бүгүн кырсык болгон үйгө барган.
"Садыр Нургожоевич жеке көзөмөлгө алып, баарын бүтүр деп тапшырма берди. 13-кабатка чейин чыгып көрдүм, 13-кабат толук күйүптүр, 12-11-10 жана 6-кабаттан бирден батир өрттөнгөн. Ошол күйүп кеткен батирлерди мэриянын эсебинен толук калыбына келтирип беребиз", — деди ал.
Токторбаев эртеңден тартып керектүү куруучу каражаттар алып жеткирилип, оңдоо иштери баштала турганын айтты.
Эске салсак, кырсык тууралуу бүгүн таңда саат 06:30дар чамасында ӨКМге маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр ал жерге эки мүнөттө жетип барганын айтышты.Тилсиз жоо саат 09:30да чектөөгө алынган. Социалдык тармактарда да куткаруучулар, ӨКМ кызматкерлеринин ыкчамдыгын белгилеп жазып жатышат.
Көп кабат үйдөн жалпы 200 адам эвакуацияланган.