Ош шаарында көп кабат үйдөн өрт чыгып, 200 адам эвакуацияланды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бүгүн таңда саат 06:30дар чамасында ӨКМге Ош шаарындагы көп кабаттуу үй өрттөнүп жатканын кабарлашкан.
Министрликтен билдиришкендей, үй Маматисаков көчөсүндө жайгашкан, тилсиз жоо анын үстүңкү бөлүгүнө жармашкан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы сегиз бөлүм, эки автошаты тартылган. Мындан тышкары, ИИМден, Тез жардам кызматынан жана РЭТтен кызматкерлер жөнөтүлгөн.
Саат 09:30да өрт чектөөгө алынды. Көп кабат үйдөн жалпы 200 адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөндө мал сарай өрттөнүп, эки жашар бала чарчап калды