Жуманын аягына чейин күн ачык болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы бир аптага, тагыраагы, 20-26-октябрга карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, өлкө аймагында апта аягына чейин көпчүлүк райондордо күндүн көзү бузулбайт. Жуманын соңку күндөрү, 25-26-октябрда, жаан-чачындуу болот, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Бишкек шаарында күн апта соңуна чейин ачык болот. Жекшембиде жамгыр жаайт. Абанын температурасы күндүз 17...25 градус, түнкүсүн 3...9 градус жылуу болорун божомолдошту.
Чүй жана Талас облустары
20-24-октябрда күн ачык болот. 25-26-октябрда айрым аймактарда жамгыр жаайт. Бул күндөрү тоолуу аймактарга, бийик тоолорго кар түшүшү ыктымал.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Дүйшөмбү, шейшембиде аймакта жаан-чачын болбойт. Шаршембиде күндүз тоолуу райондорго жаан, бийик тоолорго кар жаайт. 23-24-октябрда күн ачык болуп, ишембиде кайра жаан-чачын болору болжолдонгон. 26-октябрда айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө.
Ысык-Көл облусу
Облуста дүйшөмбүдө түнү айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 21-октябрда күн ачылып, бирок 22-октябрда күндүн көзү кайра бузулат. 23-октябрдан баштап 25-октябрга чейин күн ачык болот. Жекшемби жаан-чачындуу болот.
Нарын облусу
Нарында 20-25-октябрь аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. Аба ырайы апта соңунда бузулуп, 26-октябрда жамгыр жаайт.
Катуу суук болобу? Ноябрга карата аба ырайы