БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында 10 миң көчөт отургузуу боюнча өнөктүк башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Акцияга мэр Айбек Жунушалиев жана анын орун басарлары да катышкан. "Экосовет — 2025" чечими менен борбор калаада 2-5 метрлик 10 миң дарак отургузулат. Мектептердин айланасына өзгөчө көңүл бурулган.
"Мэриянын максаты — борбор калааны жашыл жана жайлуу шаар катары сактап калуу. Жарандарыбыздан жаңы отургузулган дарактарды коргоп, алардын өсүшүнө көмөк көрсөтүүнү суранабыз", — деди Жунушалиев.
Ар бир район боюнча отургузулган көчөттөргө ар түрдүү түстөгү ленталар байланат, бул алардын кайсы аймакка тиешелүү экенин көрсөтөрү кошумчаланды.