БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусунда Украинадан Донбассты Россияга берүүнү талап кылган. Бул тууралуу РИА Новости The Washington Post басылмасынын маалыматына таянып жазды.
"Уиткофф жолугушуу учурунда Донбасс аймагындагылар негизинен орус тилинде сүйлөшөрүн белгилеп, украиналык делегацияга аны өткөрүп берүү боюнча басым көрсөттү", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, макалада украиналыктар жума күнкү жолугушуудан кийин ыраакка учкан "Томагавк" ракеталары менен кетебиз деп үмүттөнүшкөнүн, бирок ансыз кетишкендиги белгиленген.
Өтүп бараткан аптада Трамп Вашингтондо Зеленский менен жолуккан. CNN телеканалынын маалыматы боюнча, "түз жана ачык" баарлашуу учурунда Ак үйдүн кожоюну Киев режиминин башчысына алыска учкан канаттуу ракеталарды ала албастыгын так түшүндүргөн. Axios порталы сүйлөшүүлөр катаал болгонун, Америка лидери өзүнүн катуулугун көрсөткөнүн жазды. Ошол эле учурда анын маалымат булактарынын бири жолугушуу жаман өткөнүн айткан. Батыштын башка ЖМКлары дагы Зеленский көздөгөн нерселерине, анын ичинде ыраакка учкан куралды алам деген максатына жетпегенин белгилешкен.