БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. 20-октябрда өрөөндөрдө күн ачык болуп, күндүн табы эң жылуу болгон жерлерде +21 градуска чыгат. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош. Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +17...+19 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +19...+21ге жетет.