Жети-Өгүздө эки айылдын улакчылары мушташып, 34 жаштагы жигит каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жети-Өгүздө көк бөрү оюну учурунда Саруу жана Тилекмат айылдарынын улакчылары чырдаша кетип, мушташтан 34 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, милицияга 24 жаштагы Д.И. аттуу бала арыз менен кайрылып, анда Саруунун тургундары тилекматтык эки жигитти оюн учурунда себепсиз уруп, денесине залал келтиришкенин айткан.
Бул чырда Тилекмат айылынын 34 жаштагы тургуну Ж.А. алган жаракатынан эсине келбей көз жумган.
Аталган фактылар боюнча "Ден соолука оор жаракат келтирүү" беренеси менен бир кылмыш иши, андан тышкары, үч кишиге карата "Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча иш козголуп, эки айга камакка алынганы кошумчаланды.
Көлгө эс алууга кетип каза болгон жигиттин агасы бийликке кайрылды