Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Зеленский согушту токтотуп, кепке келиши керек

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский кепке келип, Россия менен жаңжалын токтотуусуна мезгил жетти. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Мен ага президент Путинге айткандай эле киши өлтүрүүнү токтотуп, кепке келүү зарылдыгын белгиледим", — деген Трамп.
АКШ лидери бул согушта эки тарап тең өзүн жеңүүчү деп жарыялай турганын айтып, баарына тарых баасын берерин кошумчалаган. Мындан тышкары, саясатчы Россия президенти Владимир Путин менен Будапешттеги жолугушуу эки тараптуу болуп, Киев режиминин башчысы ага катышпай турганын белгилеген.
Белгилей кетсек, Трамп Зеленский менен кечээ АКШдан жолукту. Анын жыйынтыгы менен Трамп тирешүү токтойт деген ишеним бар экенин, тынчтык узак убакытка орношу керектигин, кырдаалды курчутпаш үчүн Украинага "Томагавк" ракеталары берилбей турганын айтты.
Зеленский да журналисттердин суроолоруна кыска жооп берип, ыраакка атылуучу ракеталар тууралуу билдирүү жасабай, Трамп менен Украинага берилчү коопсуздук кепилдиктерин талкуулаганына токтолду.
Эскерте кетсек, андан бир күн мурун Трамп РФ лидери Владимир Путин менен телефондон 2,5 саат сүйлөшкөн. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков өлкө башчылары негизинен украин кризисин талкуулашканын кабарлады. Путин абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө ыктай турганын белгилеп, азыркы кырдаалга баасын берген.
Натыйжада президенттер Венгрияда жолукмай болушту. Сүйлөшүү учурунда "Томагавк" ракеталарын Украинага берүү маселеси да козголгон. Путин ыраакка атылуучу куралдын берилиши согуш талаасында абалды өзгөртпөй турганын, бирок Москва менен Вашингтондун алакасына катуу доо кетирерин билдирген.
Трамп өз кезегинде жаңжалды эртерээк токтотууга чакырып, орногон тынчтык Россия менен АКШнын экономикалык кызматташуусу үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Томагавк" өзүбүзгө керек. Трамптын Зеленский менен жолугушуусундагы билдирүүсү