БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Дональд Трамп Киевдин Украинага жаңы курал-жарак берүү өтүнүчү боюнча жооп берип жатып, "Томагавк" ракеталары жана башка куралдар АКШнын өзүнө керек экенин айтты.
“Согуштун бүтүшүн каалап жатканыбыздын бир себеби – бизге куралды сактоочу жайдан берүү оор болуп жатат. [...] Украинага төрт жылдан бери жөнөтүп жаткан курал-жарак, анын ичинде "Томагавк" өзүбүзгө керек”, — деди америкалык лидер Зеленский менен Ак үйдөгү жолугушуусунда.
Трамп Украинадагы жаңжал "Томагавк" ракеталарысыз эле жөнгө салынарына ишеним артты. Анын айтымында, бул курал Киевге берилсе “көптөгөн жаман иштерге” алып келиши мүмкүн.
Ал ошондой эле Киевге алыскы аралыктан сокку урууга уруксат берүү эскалация жаратарын кошумчалап, украиналык жаңжал жөнгө салынарын убадалады.
Мындан тышкары, Трамп Венгрияда өтө турган Россия – АКШ саммити эки тараптуу экенин, бирок Зеленский байланышта болорун кошумчалады.
Трамптын Украинадагы жаңжал АКШ менен Кытай президенттеринин октябрдын аягы, ноябрдын башында пландалган жолугушуусуна чейин аякташы мүмкүн экенин белгиледи.