Бишкекте соода борборлорунда теракт болот деп коркуткандардын бири кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунда теракт болот деп коркуткандардын бири кармалганын УКМК кабарлады.
Атайын кызмат Бишкекте теракт тууралуу маалыматтарды тараткан Telegram-канал түзүлгөнүн эске салды. Соода борборлорунун жардырылары аудиобилдирүү аркылуу жайылып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, коомдук резонанс жараткан. Аталган каналды Украинанын жараны Ярослав Овсюк түзгөнү аныкталган болчу.

"Кылмыш ишинин алкагында аудиобилдирүүлөрдүн автору кармалды. Ал Кыргызстандын Г.А.К. аттуу жараны болуп чыкты. Аял УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — дешти мекемеден.

УКМК мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, террордук мүнөздөгү коркутуулар менен байланышкан жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратпоого, деструктивдүү ар кандай комментарийлерден алыс болууга чакырат. Бул өзгөчө өспүрүмдөргө тиешелүү экени айтылды.
Милиция: украиналык телефон террорчусу Бишкектеги окуучуга жалаа жапкан