Россия менен АКШ Беринг кысыгы аркылуу тоннель салууну талкуулашууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россия менен АКШ Беринг кысыгы аркылуу тоннель салуу долбоорун талкуулап баштаганы тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.
Кечээ Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунда журналист АКШ лидеринен долбоор боюнча пикирин сурады. Трамп идея колго аларлык экенин айтып, Зеленскийдин оюна кызыкты. Украина башчысы долбоор ага жакпаганын айткан.
Дмитриев соцтармактагы баракчасына континенттер аралык тоннелдин долбоору боюнча талкуулар башталганын жазды. Ал фонд сунуштарды, анын ичинде АКШ — Канада — Россия — Кытай темир жолу боюнча демилгелерди карап чыгып, керектүүсүн колдой турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Трамп Путин менен кандай маанайда сүйлөшкөнүнө баа берип, талдап жатышат