БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу ковролин өндүрүлө баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду "Орион Гранд" ЖЧКсы менен инвестициялык келишимге кол койду. Документке ылайык, өлкөдө ковролин чыгарган заманбап ишкананы куруу долбоорун каржылоо каралган.
"Бул ишке ашса өлкөдө ковролинди жергиликтүү өндүрүштө чыгарууга, импорттун бир бөлүгүн алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого өбөлгө болот", — деп жазылат маалыматта.
Долбоордун жалпы наркы 3,2 миллион долларды түзүп, анын 1 миллион доллары Азербайжан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Министрлик буга чейин ковролин толугу менен импорттолуп келгенин, өзүбүздөн чыкса продукция Өзбекстанга, Тажикстанга, Азербайжанга жана башка өлкөлөргө экспорттолорун кошумчалады.