БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Евразия университетинин мурдагы ректору коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын кызмат жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында аталган окуу жайды текшерген. Натыйжада мугалимдер сабактарга жана экзамендерге катышпаган студенттерге баа коюп, документтерди бурмалоого катышканы аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Текшерүүнүн жүрүшүндө 19 окутуучу мыйзам бузууга аралашканы такталып, алардын төртөө кармалган. Кармалгандардын арасында ЖОЖдун мурдагы ректору, учурда Жусуп Баласагын атындагы КУУда иштеген С.М.А. дагы бар", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.