Орбан Путин менен Трамптын жолугушуусунан кийин жаңы билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россия жана АКШ президенттеринин Будапешттеги жолугушуусу Украинадагы согушту токтотууга жол ачат деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бүгүн Венгрия америкалыктар менен россиялыктардын сүйлөшүүсүнөн кийин акыры тынчтык орнотууга шарт түзгөн Европадагы жалгыз өлкө.
Бейшемби күнү Владимир Путин жана Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун маалыматына караганда, негизги тема Украинадагы кырдаал болгон. Путин дипломатиялык жол менен маселени чечүү зарылдыгын белгилеп, кырдаалга кеңири баа берген.
Ошондой эле тараптардын Будапештте жолугушуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашканы айтылды. Мындан тышкары, Украинаны "Томагавк" ракеталары менен камсыздоо маселеси да көтөрүлгөн. Путин бул курал согуш талаасында кырдаалды өзгөртпөйт, бирок Москва менен Вашингтондун мамилесине олуттуу зыян келтирет деп белгиледи.
Трамп өз кезегинде чырды мүмкүн болушунча эртерээк токтотууга чакырып, бул кадам Россия менен АКШнын экономикалык кызматташтыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Трамп Зеленский согушту күчөтүүгө умтулуп жаткандай таасирде калды