БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин Киев согушту күчөтүүгө жана узартууга умтулуп жатат деген таасирде калганын өз булагына таянып CNN телеканалы билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кечээ Трамп Зеленский менен Вашингтондо жолугушту. Маалыматка караганда, сүйлөшүү курч жана ачык мүнөздө өткөн. Анда Трамп Зеленскийге АКШ азырынча Украинага "Томагавк" ракеталарын бербесин ачык айткан.
"Жыйынга катышкан аткаминерлердин бири белгилегендей, Трамп украин тараптын аракеттеринен согушту токтотууга эмес, узартууга кызыкдарлыгы байкалганына, ошондой эле алдыдагы катаал кыш мезгилинде Украинанын аймактык жоготууларынын саны көбөйүшү мүмкүндүгүнө түпөйүл болду", — деп айтылат материалда.
CNN белгилегендей, эки лидердин Украинадагы кырдаалдын өнүгүшү боюнча көз караштары бири-биринен кыйла айырмаланат.
Бул жолугушууга чейин Трамп Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу 2,5 саат сүйлөшкөн. Эки лидер Будапештте жолугушууну макулдашкан.