БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Балбан Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болгонун спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Айсулуу Тыныбекова — күч менен кайраттын, эрктин жана туруктуулуктун символу. Анын спорттогу жолу — көчмөндүн рухунан жаралган тарых. Айсулуу дүйнөгө кыргыз аялзатынын күчүн, намысын жана жандуу көчмөн рухун көрсөтүп келет", — дешкен уюштуруучулар.
Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтмөкчү.
Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн эки, Азиянын алты жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш, Париж Олимпиадасынын коло байге ээси.