БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. АКШга президент Дональд Трамп менен жолугушууга барган Владимир Зеленскийди өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды.
Киев режиминин башчысын экипаждан тышкары Вашингтон аэропортунан кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак менен америкалык армиянын генералы тосуп алган.
Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук өзүнүн Telegram каналында Зеленскийдин АКШга сапарын шылдыңдады.
"Зеленскийди АКШда Ермак жана өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды. Башталышы катуу го", — деп какшыктады парламентарий.
Аптанын башында Трамп 17-октябрда Зеленский менен Ак үйдө жолугушууну пландаштырып жатканын билдирген. Киев режиминин башчысы кайрадан алыскы аралыкка атуучу курал сурай турганын айткан. Өткөн аптада АКШ президенти Американын канаттуу ракеталарын Украинага жеткирүү боюнча чечимди дээрлик кабыл алганын, бирок Киев аларды кантип колдонууну көздөп жатканын түшүнгүсү келерин билдирген.
Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Киевге алыскы аралыкка атуучу ракеталарды жеткирүү боюнча маселеге комментарий берип жатып, курал АКШнын өзүнө керек экенин айткан.