Милиция: украиналык телефон террорчусу Бишкектеги окуучуга жалаа жапкан

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Украиналык телефон террорчусу бишкектик окуучуну бомба боюнча жаманатты кылып, жалаага калтырган. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.
Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда белгисиз адам "эртең Бишкектеги окуучулардын баарын өлтүрөм" деп коркуткан видео тараган. Кийинчерээк аны Украинанын жараны Ярослав Овсюк кылганы аныкталды. Көп өтпөй ага көмөктөшкөн делип Бишкектеги окуучунун сүрөтү тарады.
Бишкек ШИИБи окуучу менен Овсюк мессенжерде пикир келишпестик болгонун аныктаган.
"Текшерүү М.Н. аттуу бул баланын коркутууларды таратууга тиешеси жоктугун көрсөттү. Видео чагым катары кыскача жайгаштырылган. Окуучунун ата-энесине милдеттерин аткарбагандыгы үчүн айып салынат", — деп жазылган маалыматта.
Интернетте окуучуларды коркуткан кишинин видеосу тарап, мектептер онлайнга өттү