БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен кечээ телефон аркылуу байланышканда конструктивдүү диалогго өтүп, сүйлөшүүнүн маанайын өзгөрттү. Ортодогу мындай оң алака Киевге пайдалуу болбой тургандыгын америкалык Bloomberg агенттиги жазды.
"Лидерлердин кечээ күнкү баарлашуусунда Трамптын сүйлөшүү ыргагы адаттагыдан башкача болду. Ал, кыязы, "Томагавк" ракеталарын Киев менен бөлүшүүгө ыктабастыгын билдиргендей болду", — деп айтылган анда.
Басылманын ырасташынча, Трамп Москвага каршы агрессивдүү чараларды колдонгондон мурда маселени дипломатиялык нукка бурганга дагы бир мүмкүнчүлүк бергенге даяр.
Кечээ Трамп менен Путиндин Америка президентинин экинчи мөөнөтү башталгандан бери сегизинчи жана эң узак телефондук сүйлөшүүсү болду. Ал эки жарым саатка созулду. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, президенттер Будапештте өтүшү мүмкүн болгон жаңы саммитти жана ортодогу кызматташтыкты талкуулаган.
Өлкө башчылар Украина маселесине кенен токтолуп, президент Путин Россия тарап көйгөйдү дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтуларын баса белгилеген. Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү боюнча маселени да козгошкон. Россия лидери бул курал согуштагы абалды өзгөртпөстүгүн, бирок Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суук селки кыларын айткан.
Трамп Украинада тез арада тынчтык орнотуу зарылдыгын бир нече жолу баса белгилеп, жаңжалдын аякташы Россия менен АКШнын экономикалык кызматташтыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачарын билдирген.
Кийинчерээк америкалык лидер "Томагавк" ракеталары АКШнын өзүнө керектигин айтты. Ал Путин аталган куралды Россиянын душмандарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн жактырбастыгын кошумчалаган.