Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинага “Томагавк” ракеталарын берүү маселеси убактылуу токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Украинага “Томагавк” ракеталарын берүү маселеси Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Егор Чернев "Мы - Украина" телеканалындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Владимир Зеленский Киевге “Томагавк” ракеталарын алуу ниетинде бүгүн, 17-октябрда, АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугат. Москва буга чейин ракеталарды берүү абалды мындан да курчутуп, жаңы жаңжалдын чыгышына себеп болорун эскерткен.

"Калган маселелер талкуулана бермекчи. Анын ичинде европалык өнөктөштөрүбүздүн каржылоо программасы аркылуу бизге абадан коргонуу системаларын жана алар үчүн ракеталарды көбүрөөк берүү маселелери бар", деген Егор Чернев.

Аптанын башында Трамп 17-октябрда Зеленский менен Ак үйдө жолугушууну пландаштырып жатканын билдирген. Киев режиминин башчысы кайрадан алыскы аралыкка атуучу курал сурай турганын айткан.
Өткөн аптада АКШ президенти Американын канаттуу ракеталарын Украинага жеткирүү боюнча чечимди дээрлик кабыл алганын, бирок Киев аларды кантип колдонууну көздөп жатканын түшүнгүсү келерин билдирген.
Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Киевге алыскы аралыкка атуучу ракеталарды жеткирүү боюнча маселеге комментарий берип жатып, курал АКШнын өзүнө керек экенин айткан.
Зеленскийди АКШдан өзүнүн учагындагы экипаж тосуп алды. Видео