Нарышкин: Европадагы "согуш партиясы" континентте тынчтык орношун каалабайт

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Европада иштеп жаткан "согуш партиясы" континентте тынчтык жана коопсуздук орношун каалабайт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Самаркандда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Европада "согуш партиясы" бар экени көрүнүп эле турат. Ал Россиядан айырмаланып, континентте тынчтык орношун жана баары бирдей укукка, коопсуздукка ээ болушун каалабайт", — деди Нарышкин.
Айтымында, Батыш Россияны стратегиялык жеңилүү ызасын тарттыруу кыялынан баш тарткан жок.
"Батыш өлкөлөрүнүн, биринчи кезекте НАТОнун европалык канатынын максаты – Россияга стратегиялык жактан жеңилүү ызасын тарттыруу. Соңку бир жыл ичинде куру кыйкырык бир аз басаңдаганын айтып коюш керек, бирок Батыштагылар жинди кыялынан баш тарта элек", — деди ал.
ФСБ жетекчиси: НАТО КМШ аймагында жардам көрсөтүү шылтоосу менен кеңейүүдө