БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда тоо туризми боюнча гиддер жана инструкторлор жетишсиз. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фонду менен Жибек Жолу туризми ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаров билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөгөн.
Комиссаровдун айтымында, маселе адистердин талапка ылайык даярдыгынын жана профессионалдык стандарттын жоктугу менен байланыштуу.
"Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фонду менен Жибек Жолу туризми ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаров (сол жакта)
© Sputnik / Самрат Карачев
"Бизде гид менен инструкторлор үчүн иш стандарты иштелип чыккан эмес. Айрым адистерге ылайыкталганы бар, бирок бул жетишсиз. Анткен менен тоо гиддеринин маянасы, өзгөчө окуялуу туризмде айлык абдан жакшы. Быйыл бир күндүк акы кеминде 150 доллар деп белгиленди. Кийинки жылы мындан да көп болот деп ойлойм", — деди ал.
Эксперт акчасына карабай адис табуу кыйын экенин, жаштар буга тартылбай турганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда Тоо гиддеринин мектеби иштейт, модулдук система менен окуу мөөнөтү үч жыл.
"Бир модуль күзүндө, экинчиси жазында өтөт. Мектеп бүтүндөй Азия үчүн базалык окуу жай болуп саналат. Бизде Казакстан, Өзбкстан, Украина, Иран, Түркия, Монголия жана башка мамелкеттерден келип окушат", — деди Комиссаров.
Адис Кыргызстан тоо гиддеринин ассоциациялары эл аралык деңгээлде таанылган Азия мамлекеттеринин төрттүгүнө кирерин белгиледи. Ошентсе да кадрлардын жетишсиздиги курч.
Эксперт советтик мезгилде Бишкекте тоо туризми жана альпинизм менен миңдеген адамдар алектенгенин, азыр алардын саны кыйла азайганын кошумчалады.
"Ар бир жогорку окуу жайынын, ири заводдун алдында туризм жана альпинизм боюнча секциясы болор эле. Менимче, азыр өлкөдө 100-150дөй альпинист, ошончо тоо туристи калса керек", — деди Комиссаров.