БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы зым тосмону кесип өтүп, мал ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, трансчек аралык кылмыштуу топ Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо атайылап демонтаждалып, аткезчиликке жол ачылган.
"Ушул канал аркылуу 15 баш бодо мал өткөрүүгө аракет кылган Кыргызстандын А.У.С., Ж.Д.А. жана Г.Э.А. аттуу жарандары колго түшүрүлдү", — деди атайын кызмат.
Азыркы тапта мыйзамсыз ишке тиешеси бар 31 киши аныкталган. УКМК мындан ары чек ара аркылуу мал-жандыкты аткезчилик жол менен өткөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.