Бул жер кантип эки ирет Россиянын региону болгонун айтып бермекчибиз.
Биринчи жолу Кёнигсберг (анда ошентип аталган) Россиянын курамына 1758-жылы жети жылдык согуштан кийин кирген. Шаардыктар, анын ичинде философ Кант император Елизавета Петровнага ант берүү жөнүндө орус командачылыгына элчилик жиберишкен.
Кенигсбергдин кайтарылышы. Император Пётр III бир нече жылдан кийин калааны жакшы көргөн Пруссия падышасы Фридрих IIге кайтарып берет.
Кёнигсберг Экинчи дүйнөлүк согушун жүрүшүндө британиялыктардын бомбалоосунда калган. Аны урандыдан тазалоого үч жылга чукул убакыт кеткен. Кийин калаа советтик аталышты алган, тагыраагы, Калининдин ысымы ыйгарылган.
Азыр Польшa Калининградга доомат коюп жатат, ал эми Балтика боюндагы өлкөлөр Европанын борборундагы Россиянын тиреги болуп калган бул аймакты демилитаризациялайбыз деп демитүүдө.