БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 18-октябрь, ишембиде, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +24...+26 градуска көтөрүлөт.