Эл аралык жана ЕАЭБ стандарттарына ылайык аккредитацияланган ветеринардык лабораториялар — азык-түлүк коопсуздугуна кепилби?

Sputnik
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу он эки ветеринардык лаборатория эл аралык жана ЕАЭБ стандарттарына ылайык аккредитациядан өтүп, ишин баштады. Бул кадам өлкөдөгү ветеринардык коопсуздукту жогорулатууга, жаныбарлардын ооруларын өз убагында аныктоого жана айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын — өзгөчө ЕАЭБ мейкиндигинде — кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Маекте Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун жетекчилери лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрү, алардын иши жана келечектеги пландар тууралуу айтып беришти.