Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кыргызстанда салык инспекторлорунун ролу өзгөрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 32-отурумуна катышкан. "Кыргызстанда салык инспекторлорунун ролу олуттуу өзгөрүп жатат. Мурда салык инспектору көзөмөл жүргүзүүчү, текшерүүчү катары кабыл алынса, бүгүн ал мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө, финансы системасынын туруктуулугунун кепили жана бизнестин өнөктөшү катары калыптанууда", — деди Шыкмаматов. Ал тарыхта салык кызматкери күч органдарынын өкүлү катары кабыл алынып келгенин белгилеген. "Мурда анын негизги милдети бюджетке кирешенин түшүүсүн камсыз кылуу болгон. Анткени ал учурда технологиялар чектелүү эле, салык төлөөчүлөрдүн мамлекетке ишеними төмөн болчу. Бүгүн биз таптакыр башка — диалогдун жана санариптик чечимдердин доорунда жашап жатабыз", — деди Салык кызматынын башчысы.
Кыргызстандагы мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, документсиз малдын ээсине 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 500 сом айып салынат. Ветеринардык кызмат айдоочуларга кайрылып, коштомо документи жок мал ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын эскертти. Маалым кат алуу үчүн кара малдын кулагына бирка, ал эми жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.
Украиналык телефон террорчусу бишкектик окуучуну бомба боюнча жаманатты кылып, жалаага калтырган. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты. Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда белгисиз адам "эртең Бишкектеги окуучулардын баарын өлтүрөм" деп коркуткан видео тараган. Кийинчерээк аны Украинанын жараны Ярослав Овсюк кылганы аныкталды. Көп өтпөй ага көмөктөшкөн делип Бишкектеги окуучунун сүрөтү тарады.Бишкек ШИИБи окуучу менен Овсюк мессенжерде пикир келишпестик болгонун аныктаган. "Текшерүү М.Н. аттуу бул баланын коркутууларды таратууга тиешеси жоктугун көрсөттү. Видео чагым катары кыскача жайгаштырылган. Окуучунун ата-энесине милдеттерин аткарбагандыгы үчүн айып салынат", — деп жазылган маалыматта.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин экөө Венгрияда жолугарын айтты. Лидерлердин баарлашуусу эки саатка созулган. Трамптын билдирүүсүнүн негизги учурлары: АКШ лидери РФ президенти менен сүйлөшүүдө чоң жылыш болду деп эсептейт; кийинки жумада Россия менен АКШнын чиновниктери жолугат, жери аныкталууда; Трамп Зеленский менен жолугушууда Путин менен болгон сүйлөшүү тууралуу айтып берет; президенттер Россия менен АКШнын Украина чыры соңуна чыккандан кийинки соода алакасын талкуулашкан; Жакынкы Чыгыштагы ийгилик Украинадагы абалды жөнгө салууга жардам берерине ишеним арткан.