Эмчек рагын эрте аныктоо маанилүү. Аялдар кандай белгилерди байкап, качан дарыгерге кайрылышы керек?

Sputnik
Өлкөдө октябрда жыл сайын өткөрүлүүчү “Аялдардын ден соолугу!” бир айлыгы өтүүдө. Иш-чаранын акагында республика боюнча 18 жаштан жогорку аялдар сүт бездеринин рагы оорусунун тобокелдик факторлорун жана алгачкы белгилерин аныктоо үчүн текшерилишет. Эмчек рагы саламаттык сактоонун негизги көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Жыл сайын 800дөн ашык аялдан аныкталат. Арасында жаш кыздар дагы бар. Эмчек рагы кантип пайда болот? Бул оорунун негизги себептери кайсылар? Алдын алуу үчүн профилактикалык чаралар канчалык маанилүү? Кандай медициналык ыкмалар менен дарылоо жүргүзүлөт? Канча убакытта бир текшерилип туруу сунушталат? Ушул жана башка собоолдорубузга Улуттук онкология жана гемотология борборунун маммология бөлүмүнүн жогорку категориядагы дарыгери, онколог, маммолог Ибрагимбек Алиевден жооп ала алдык.