ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жалпы биржалык товар рыногу түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин жалпы биржалык товар рыногун түзүү боюнча жумуш башталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович Москва шаарында өткөн "Россиянын энергетикалык жумалыгында" айтты.
Министрдин билдиришинче, биринчи кадам катары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү кирген Биржа комитетин түзүү пландаштырылууда. Ага Өзбекстан менен Ирандын биржалары байкоочу катары чакырылат.
ЕАЭБ алкагында биржада соодалануучу ар түрдүү товарлар үчүн баа түзүүнүн жалпы принциптерин жана ыкмаларын иштеп чыгуу негизги максат катары аныкталган. Башкача айтканда, бирикме ичиндеги мамлекеттер товардын (мисалы, нефть, металл, айыл чарба продукциясы ж.б.) бирдиктүү баа индикаторлорун аныктоо боюнча жалпы эрежелерди жана ыкмаларды кабыл алат.
"Күйүүчү-энергетикалык комплекстин бардык продукциясын жалпы биржалык товар рыногуна киргизүү боюнча талкуу кайра жанданышы керек", – деп белгилеген Ермолович.
Анын айтымында, күйүүчү-энергетикалык комплекстин товарларына баа индикаторлорун белгилөө бардык мүчө мамлекеттердин улуттук экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Белгилей кетсек, бирдиктүү баа индикатору нарктын адилеттүү, туруктуу жана бардык өлкөлөр үчүн бирдей шартта болушу үчүн аныкталып жатат.
ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөр менен түз инвестициялардын көлөмү өстү