БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россия атом тармагында эч кимден көз каранды эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди.
Ал ошондой эле Россия БРИКС алкагында Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен атомдук энергетика жаатында кызматташууну тереңдетерин айтты.
"Бул жаатта Россия чынында абсолюттук лидер. Эч кимден көз каранды эмес. Атом тармагындагы нерселердин баары Россияда жасалат", — деди ал.
Путин ошондой эле "Росатом" дүйнөлүк атомдук станция куруу рыногунун 90 пайызын ээлей турганын кошумчалады.
Мындан сырткары, Россия 15 жылда АЭСтерден (ичинде чакандары бар) 29 гигаваттан ашык кубаттуулукту ишке киргизүүнү пландоодо.