Ысык-Көлдө "Тамчы" инвестициялык аймагы түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди.
Аталган документ кабыл алынса аймакта эркин экономикалык зона уюштурулуп, ал жакта өзгөчө бажы процедуралары колдонулат. Резиденттерге салыктар боюнча жеңилдиктер жана бизнес жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу шарттар берилет. Атайын финансылык инвестициялык аймак катары өзгөчө укуктук макамга жана режимге ээ болот.
"Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы экономиканы өнүктүрүү, жаңы технологиялардын негизинде иштеген өндүрүштү көбөйтүү, транспорттук инфраструктура жана туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы белгиленген.
Эске салсак, аталган аймакты түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров ушул жылдын июль айында кол койгон. Анда анын өзгөчөлүгү катары жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салууда англис укугунун нормалары колдонулары, эл аралык талаш маселелерди кароо үчүн өзүнчө борбор түзүлөрү айтылган.
РКӨФ Ысык-Көлдөгү Жууку курортун оңдоо үчүн 30 млн. сом бөлөт