Пресс-борбор

Онищенко: эки министрлик түзгөн келишим — "тагдыр чечүүчү" макулдашуу

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстан жана Россиянын Саламаттык сактоо министрликтери ортосунда түзүлгөн келишимди "тагдыр чечүүчү" деп атаганга негиз бар. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрө форматындагы маекте аталган документке ушул жылдын август айында кол коюлганын айтты.
Макулдашууда Кыргызстан-Россия достук ооруканасын түзүү, трансплантология, онкология жана генетика боюнча кыргызстандык адистерди Россияда тажрыйба алмашууга жиберүү маселеси каралган.
"Кыргызстан-Россия достук ооруканасы заманбап дарылоо ыкмалары менен көп тармактуу болот. Ал жерде Россиядан келген дарыгерлер дагы иштешет. Түзүлгөн келишим билим берүү, илим-изилдөө багытында жемиштүү жыйынтык берерине ишенем. Бул документти "тагдыр чечүүчү" келишим деп атасак болот", — деп белгилеген окумуштуу.
Андан тышкары, онкологиялык ооруларды дарылоодо жана радиофармацевтикалык препараттарды колдонуу боюнча чогуу иштөө, кыргызстандык бейтаптарга Россиянын ооруканаларында дарыланууга шарт түзүү да макулдашылган.
Россиялык дарыгерлер студенттерге лекция окуп, бейтаптарга кеп-кеңеш берет