БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды. Жапаров чыңалып турган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан маанилүү экенин белгилеген. Ал ошондой эле террорчулук жана экстремизмден тышкары, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу трансулуттук тобокелдиктер өлкөлөрдүн саясий туруктуулугуна коркунуч жаратарын кошумчалаган.
"Трансулуттук мүнөзгө ээ болгон терроризм менен натыйжалуу күрөшүү биргелешкен аракеттер аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле биргелешкен аракеттердин негизин түзө турган бир нече багытты тизмектеди: терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө басым жасоо, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу, киберкоопсуздук жаатында координацияланган жооп кайтаруу, жаштар жана калк арасында агартуу жана билим берүү программаларын жайылтуу.
Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары менен Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле азыркы шартта "Борбор Азия – Индия" форматындагы диалогго суроо-талап бар экенин айтышты.