БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Энергетика рыногу жеткирүүлөрдүн жана маршруттардын кайра түзүлүшүн баштан кечирип жатат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россиянын энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунда билдирди.
Ал кеп европалыктардын гана көйгөйү эмес, жалпы дүйнөлүк энергетикалык рынок тууралуу болуп жатканын белгиледи.
"Мында жеткирүү чынжырларынын кайра түзүлүшү, логистиканын жана энергоресурстардын Глобалдык Түштүккө, Азия-Тынч океан аймагынын динамикалуу өлкөлөрүнө, Африкага, Латын Америкасына карай которулушу жүрүп жатат. Ошондон улам ишенимдүү маршруттар, жаңы хабдар, порттор сатып алуучулардын учурдагы жана болочок муктаждыктарын эске алып иш жүргүзүүдө", — деди Путин.
"Россиянын энергетикалык жумалыгы" форуму — азыркы отун-энергетикалык комплексинин өнүгүүсүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо үчүн түзүлгөн негизги эл аралык аянтчалардын бири. Иш-чара салт боюнча энергетика тармагындагы эң ири компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жогорку деңгээлде өтөт. Форум мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин өкүлдөрүн, ири энергетикалык компаниялардын лидерлерин, чет мамлекеттердин бизнес-өкүлдөрүн, окумуштууларды жана эксперттерди, жаш энергетиктерди, 80ден ашуун өлкөдөн келген федералдык жана аймактык ЖМКлардын журналисттерин бириктирет.