Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан Украинада тынчтык орнотууга ким жолтоо болуп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Украинада тынчтык орнотууга Владимир Зеленскийди улам шыкактап жаткан Евробиримдиктин лидерлери жолтоо болууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эгер Батыш биримдиктүү болгондо кырдаал эчак жөнгө салынмак.
"Европалыктар көшөгө артынан Зеленскийди улам шыкактап турбаганда Трамп эбак тынчтык орнотмок. Азыркы кырдаал ушундай. Эгер алар Трамптын саясатына каршы чыкпаганда биздин, европалыктардын, америкалыктар менен сөзүбүз бир болуп турганда тынч жашоо келет эле. Бирок европалык лидерлер согуштун уланышын каалап жатышат. Кадимкидей аскердик позициясы, аскердик стратегиясы, планы иштелип чыккан, бул тууралуу ачык эле айтышууда. Ушу тапта Трампты согушту улантууга ынандыруу аракети күч. Батыш биримдиктүү болгондо Россия менен Украина токтомок", — деген саясатчы.
Эскерте кетсек, буга чейин Орбан Европаны Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу процессинен четте калып калгандай болбой, АКШдан үлгү алып, Россия менен Украинада тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.
Мындан тышкары, премьер Европа биримдиги менен Россияга европалык коопсуздуктун келечектеги системасын талкуулоону сунуштаган. Мында Украина башкы тема болбошу керек. Орбан Украинада тынчтык Россия менен АКШнын сүйлөшүүсүнөн кийин гана орношу ыктымал экенин, Европа Минск макулдашуулары аткарылбай калгандыктан ортомчулук вазийпадан оолак калганын бир нече ирет айткан.
Саясатчы 9-июнь күнү Украинадагы жаңжалда Европа биримдиги жеңүүчү боло албай турганын белгилеген эле. Анын айтымында, эгер ЕБ дипломатиялык аракеттерин баштабаса коңшулары Афганстанга айланат. Орбан Европанын оңчул консерваторлору аскерлеринин табытта кайтышын каалабай турганын кошумчалап, кийинчерээк Украина демилитаризацияланган россиялык жана батыш аймагы болуп бөлүнүп кетиши мүмкүндүгүн билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Путин Украина маселесин дипломатиялык нукка бурууга дайым ачык