Нике келишими жубайлардын ишенимин бузбайт, тескерисинче, аны бекемдейт. Бул тууралуу Бексултан Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул документ урушуу үчүн эмес, түшүнүшүү үчүн түзүлөт.
"Айрымдар "келишим түзсөк ишеним жоголот" деп ойлошот. Чынында нике келишими — акылдуу үй-бүлөнүн белгиси. Анда мүлк кимдики, насыя кимге тиешелүү, бизнес үлүшү кантип бөлүнөт, ушунун баары алдын ала жазылат. Кийин талаш чыкса эмоция эмес, мыйзам сүйлөйт. Мындай келишимди никеге чейин же нике учурунда нотариустан тастыктап коюу жетиштүү. Бул документ жубайлардын ишенимин бузбайт, тескерисинче, аны бекемдейт", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал нике жөн гана сүйүү эмес, мыйзам менен корголгон укуктук союз экенин кошумчалады.