БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. НАТО КМШ аймагында армияны модернизациялоого, атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын техникалык жактан жабдууга жардам берүү шылтоосу менен кеңейүүдө. Бул тууралуу РФ ФСБсынын жетекчиси, КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин төрагасы Александр Бортников билдирди.
Ал аталган кеңештин Самаркандда (Ташкент) өтүп жаткан 57-жыйынына катышып жатканын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20251016/nato-2048539369.html Айтымында, КМШ мамлекеттеринин коопсуздугуна жана туруктуулугуна болгон коркунучтар комплекстүү мүнөзгө ээ жана сырттан атайылап күчөтүлүүдө.
"Украина кризисин жараткан НАТОнун кеңейүү курсу токтогон жок. Алар армияны жана аскердик инфраструктураны модернизациялоого, атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын техникалык жактан жабдууга, адистерди даярдоого жардам беримиш болуп постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерде ишин улантууда", — деди Бортников.