Амангелдиев менен Вакунов өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына даярдыкты талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушканын өкмөттөн билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу алаканын учурдагы жагдайларын да талдашкан.
"Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
РФ элчиси менен маданият министри жолукту. Талкууланган маселелер