БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик пенитенциардык кызматтарынын жетекчилер кеңешинин отуруму бүгүн Ташкентте жыйын курду. Бул туурасында КМШнын Аткаруу комитети билдирди.
Ага Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Армениядан, Тажикстандан, Беларустан, Өзбекстандан жана Шериктештиктин Антитеррордук борборунан өкүлдөр катышты.
Отурумга КМШнын Аткаруу комитетинен Коопсуздук жаатындагы кызматташтык департаментинин директору Евгений Клемезь чакырылган.
"Өлкөлөр аралык программаларда мамлекеттердин ыйгарым укуктуу түзүмдөрүнүн жана КМШ органдарынын иштерин мындан ары да бирдиктүү алып баруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бекитилген. 2026-2030-жылдарга карата тышкы чек араларда чек ара коопсуздугун чыңдоо, ошондой эле 2026-2028-жылдарга карата террорчулукка жана экстремизмге каршы иш алып баруу милдеттери да турат", — деди ал.
Күнүмдүк жасалып жаткан иштердин негизги бөлүгү террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмышы үчүн органдардан жашырынып жүргөндөргө издөө салуу жана соттон качкандардын артынан түшүү экени айтылды.
Отурум учурунда кеңештин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүндөгү пенитенциардык кырдаал тууралуу маалыматтарды алмашып жана мындан аркы кызматташууну талкуулады.
Террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгондордун таасирине түшүп калган адамдарды кайра туура жолго багыттоо (дерадикализациялоо) боюнча иш-чараларды жаза аткаруу мекемелеринде өткөрүү иштери талкууланды. Ошондой эле экстремисттик жана террордук мүнөздөгү кылмыштар үчүн чет өлкөлөрдүн аймактарында куралдуу кагылышууларга жана согуштарга катышканы үчүн соттолгон адамдарды реабилитациялоо, калыбына келтирүү жана коомго кайра интеграциялоо боюнча маселелер да каралды.
Жетекчилер кеңешинин кийинки отуруму 2026-жылы Россияда өтө турган болду.