Гитлерчилердин ашкан мыкаачылык менен жасаган кылмыштарын советтик тергөөчүлөр дүйнөгө ачыкташкан. Ага чейин Батыш өлкөлөрү нацисттердин жырткычтыгын анчейин аңдашкан эмес. Далилдер так жана жетиштүү болгонуна карабай айыпталуучулар жазадан кыйгап өтүүгө аракет кылышкан.
Гитлердин оң колу болгон Герман Геринг күнөөсүн мойнуна албай талашып-тартышып гана тим болбостон, согушта Германия жеңгенде процесстин бардык катышуучуларын да атып салмактыгын айткан.
Генерал Вильгельм Кейтель болгону буйрук аткарганын билдирген. Бирок дал ушул киши советтик 3 млн аскер туткунун өлүм жазасына тартуу боюнча документтерге кол койгон.
Тышкы иштер министри Риббентроп соттук териштирүүлөрдүн аягына чейин өзүнүн жоопкерчилигин четке каккан. Анткен менен миллиондогон еврейлерди өлүм лагерине депортациялоо жөнүндөгү чечим кабыл алынган жыйындарга катышканы далилденген.
Өлүм жазасына бир гана Герман Геринг тартылбай калган, себеби ал ага чейин курамында цианид бар капсуланы ичип каза болгон. Калгандарынын баарын дарга асышкан, андан кийин сөөгүн өрттөп, күлүн дарыянын суусуна агызып жиберишкен.
Тема боюнча: