Пресс-борбор

Бишкекте эксперт тексттик трансляция жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Тексттик трансляция жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу ria.ru сайтынын ыкчам чыгарылыш бөлүмүнүн жетекчиси Ангелина Орехова SputnikPro агартуу долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн мастер-класста айтып берди.
"Өзгөчө кырдаалдарда онлайн-режимде суткалап иштөөгө болот. Аудитория каалаган убакта кошулуп кайра чыгып кетерин эстен чыгарбоо керек. Сиздин маалымат агымыңызды эч ким баштан-аяк окубайт. Ошондуктан журналисттин милдети – окурман ортосунан кирсе да эмне болуп жатканын дароо түшүнүшү керек", — деди Орехова.
Анын айтымында, мындай учурларда "экинчи учкуч" маанилүү ролду ойнойт. Ал маалыматтарды системалаштырууга жардам берип, аудитория тез түшүнүп алышы үчүн кыска жаңылыктардын топтомун түзөт.
"Мисалы, АКШнын президенттик шайлоосун чагылдыруу учурунда биз жаңылыктарды саат сайын жаңыртып турдук (ким алдыда, кандай билдирүүлөр бар, талапкерлердин сүрөттөрү, тамашалары). Мындай формат көңүлдү буруп, онлайнды түшүнүктүү кылат", — деди адис.
Ал журналист аудитория менен жалпак тил менен сүйлөшүшү керектигин баса белгиледи.
"Негизги нерселерди кайталай бериңиз, анткени адамдар ар кайсы убакта кошулат. Онлайн тексттик трансляция телеэфирге окшош, диктор мезгил-мезгили менен эң негизгисин эске салып турат", — деди эксперт.
SputnikPro — Sputnik агенттиги тарабынан демилгеленген медиа тармагындагы эл аралык агартуу долбоору. Бул журналисттер, пресс-катчылар, блогерлер жана тиешелүү жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн Россиянын жана чет элдик медиаменеджерлердин, эксперттердин жана агенттиктин алдыңкы адистеринин уникалдуу семинарларынын, лекцияларынын жана мастер-класстарынын системасы.
2018-жылдан бери 24 өлкөдө офлайн жана 80ден ашык өлкөдө онлайн-жолугушуулар өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.
Пресс-борбор
"Россия сегодня" медиасынын редактору сапаттуу фоторепортаж жасоо ыкмасын айтты