Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинанын курал берүү өтүнүчү боюнча чечим кабыл аларын убадалады

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын алыска атылуучу курал-жарак берүү өтүнүчүн аткарар-аткарбасын жакында чечерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп буга чейин 17-октябрда Владимир Зеленский менен Ак үйдө жолугушууну пландаштырып жатканын ырастаган. Ал эми Зеленский америкалык лидер менен жолугуп, андан кайрадан алыска атуучу курал сурап алууга үмүттөнөрүн билдирген.
"Алар чабуулга өтүүнү каалап жатышат, мен бул боюнча чечим кабыл алам", — деди Трамп.
Өткөн аптада АКШ президенти Американын канаттуу ракеталарын Украинага жеткирүү боюнча чечимди дээрлик кабыл алганын, бирок Киев аларды кантип колдонууну көздөп жатканын түшүнгүсү келерин билдирген.
Ал эми Кремль мындай кадам кырдаалды кыйла курчутарын, анткени "Томагавкты" өзөктүк вариантта дагы колдонуу мүмкүн экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп украин чырын токтотуу аракети жайлап калганына нааразы