Коргоо министрлиги "дедовщина" үчүн жазаны күчөтүүнү демилгеледи

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Коргоо министрлиги Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине армиядагы "дедовщина" үчүн берилчү жазаны күчөтүү каралган өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде уставдык эрежелерди бузуу өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалына, тартипке терс таасирин тийгизерин, ал эми учурдагы жазалар жетиштүү болбой жатканы айтылган. Ушул себептен жоопкерчиликти күчөтүү демилгеленүүдө.
Сунушталган чаралар:
кызмат адамы же анын буйругу менен зомбулук көрсөтүү, коркутуу-үркүтүү үчүн үч жыл (азыр эки жыл), ошол эле кылмыштан оор залал келтирилсе 3-6 жылга (азыр 2-5 жыл), ал эми кылмыш жооптуу кызматтагы адам тарабынан жасалса 6-8 жылга (азыр 5-7 жыл) эркинен ажыратылат. Ошондой эле бул берене менен козголгон иштерди токтотууга жол берилбейт;
начальникке каршылык көрсөтүп, аны коркутуп-үркүтүү үчүн 30-60 миң сом (азыр 20-50 миң) айып салынат же тартиптик аскердик бөлүктө 6 айдан бир жылга чейин кармоо каралган. Ошол эле кылмыш зомбулук менен коштолсо 3-6 жылга (азыр 2-5 жыл), согуш мезгилинде же ага тете абал шартында жасалса 6-8 жылга (азыр 5-7 жыл) камоо каралган;
бири-бирине баш ийбеген аскер кызматкерлеринин ортосунда мазактоо, катаал мамиле жасоо, зомбулук көрсөтүү үчүн тартиптик бөлүктө 3-6 айга чейин камоо же 40-100 миң сом (азыр 20-50 миң) айып салуу сунушталды. Ошол эле кылмыштан ден соолукка залал келсе 3-6 жылга (азыр 2-5 жыл), оор залал келтирилсе 6-8 жылга (азыр 5-7 жыл) эркинен ажыратуу каралды;
аскердик тартипти бузгандар 5-7 суткага (азыр 3-5 сутка) камалат.
Парламентте аскер бөлүктөрүндөгү "дедовщина" боюнча комиссия түзүү сунушталды