БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 миллион сом сарптайт.
Бул боюнча тийиштүү токтом 15-октябрда кабыл алынган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы 700 миллион сом жумшалат.
Каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:
382,7 млн сом — БШК чыгымына;
259,2 млн сом — округдук шайлоо комиссияларынын чыгымына;
58 млн сом — чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсүнө шарт түзүүгө.
Бул өнөктүккө 30 округдук шайлоо комиссиясы жана 2 622 участкалык комиссия (анын ичинде 100ү чет өлкөлөрдө), жалпысынан 25 миңден ашуун киши иштейт.