БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Лондон Россияга Борбор Азия менен Закавказьеден келгендерди улуттук, диний жактан козгоп, тукуруп жатат. Бул тууралуу ФСБ директору, КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин төрагасы Александр Бортников айтты.
РИА Новости анын Өзбекстанда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин 57-жыйынында Улуу Британия бийлигинин геосаясий өңүттөгү деструктивдүү кадамдарына кеңири токтолгонун жазды.
"Борбор Азиядан жана Кавказ аймагынан келгендерге карата британиялыктардын өзгөчө аттанып түшүп колдонгон ыкмасы бар. Ал — элди диний жана улуттук жактан бири-бирине каршы коюп, тукуруу. Ушул багытта Британия менен Украинанын атайын кызматтары исламды радикалдуу колдогондорду, анын ичинде Жакынкы Чыгышта эл аралык террордук уюмдардын курамында согушкан адамдарды издөө жана өз тарабына тартууга басым коюуда. Жалпысынан ар бир багыт боюнча өзүнчө конкреттүү иш жүргүзүлүп жатат", — деп Бортников Самаркандда билдирди.
Ал Британ армиясынын атайын даярдыктагы бөлүгү Россияга каршы согуштарга катышып жатканын да белгиледи.
"Британиялык куралдуу күчтөрдүн (SAS) атайын даярдыктагы бөлүктөрү (спецназ) согуштарга катышууда", — деди Бортников.
Ал Британ атайын кызматынын "Түрк агымы" газ кууруна карата диверсия даярдап жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшкөнүн да билдирди.
"МИ-6 менен биргеликте украиналык диверсиялык топтордун Россиянын чек ара аймактарына чыгышы пландалган. Маанилүү инфраструктура объектилерине пилотсуз учуучу аппараттар, экипажсыз катерлер жана сууда сүзгөн аскерлерди колдонуу менен чабуулдарды жасоо каралган", — деди ал.
Борников Лондон Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди үзгүлтүккө учуратууга да аракет кылып келерин айтты.
"Дал британдык бийлик Брюсселдин колу менен Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди чагымчылык жана жалаа жабуу жолу менен тоскоолдук жаратууга ниеттенип жатат", — деген ФСБ жетекчиси.