Интернетте окуучуларды коркуткан кишинин видеосу тарап, мектептер онлайнга өттү

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Бишкектеги окуучуларды коркутуп видео тараткан кишинин өздүгүн аныктап, ал издөөдөгү Украинанын жараны Ярослав Овсюк экенин тастыктады.
Буга чейин интернетте анын Бишкектеги окуучуларды өлтүрөм деп коркуткан видеосу тарап, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшүргөн. Ал Telegram-каналга шаардагы бир нече мектепти тизмектегендиктен, милиция ал окуу жайларды курчоого алып, кинологдор иштеген.
Айрымдар коркуткан кишини РФ ИИМи издөө салган украиналык Ярослав Овсюкка окшоштурушкан. Овсюк бир нече жылдан бери Telegram-каналдарды түзүп, ал жакка Россиянын шаарларындагы билим берүү жайларына кол салууга даярдыктар тууралуу маалыматтарды жарыялайт.
Бишкек милициясы, ИИМ бул киши 20 жаштагы Ярослав Овсюк экенин тастыктап, телефон террорчулугу үчүн Россия ИИМинин издөөсүнө алынганын билдирди. Анын Кыргызстандын аймагында жүргөнү катталган эмес.

"Келип түшкөн маалыматтын баары дароо иликтенүүдө. Тизмедеги мектептердин бардыгы текшерилип, кооптуу эч нерсе табылган жок", — дешти милициядан.

Буга байланыштуу шаардагы муниципалдык, менчик мектептин баары 17-октябрда онлайн окуй турганын мэриядан, Агартуу министрлигинен билдиришти.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова бала бакчалар боюнча чечим кабыл алына электигин айтты.
ИИМ такталган маалыматтарга гана ишенип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
РФ Коопсуз интернет лигасынын жетекчиси Катерина Мизулина Овсюк Украинанын Коопсуздук кызматынын агенти экенин 13-октябрда билдирген.
Кыргызстанда кылмыштуу Call-борбор аныкталып, чет жактагыларды алдагандар кармалды