Менчик автомектептерге лицензия берүүгө мораторий жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу токтом чыкканын министрлер кабинети билдирди.
Документ айдоочуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Лицензия берүүгө 2028-жылга чейин тыюу салынат.
Минкабдын токтому боюнча, лицензия 20-октябрдан баштап берилбейт. Мораторий мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбай турганы айтылды.
Бир аптада эле коопсуздук курун тагынбаган 400 миң айдоочу менен жүргүнчү аныкталды