17-октябрга карата аба ырайы

17-октябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +16...+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.
Радио
Осмонов: нике келишими — акылдуу үй-бүлөнүн белгиси