Ар бир облуста бирден агрохимиялык лаборатория ачылат – Өлкөдө топурактын сапатын изилдөө кандай жүрүүдө?

Sputnik
Өлкөдө түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн топурактын сапаты изилденүүдө. Айыл чарба министрлигинин билдиришинче топурактын лабораториялык анализи аркылуу анын курамындагы азык заттардын деңгээли жана органикалык заттардын көлөмү аныкталат. Бул маалыматтардын негизинде дыйкандар талаага кайсы жана кандай көлөмдөгү жер семирткичтерди колдонуу зарылдыгын так аныктап, түшүмдүн сапатын жана көлөмүн жогорулата алышат. Бүгүнкү берүүдө дал ушул изилөө тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Агрохимия бөлүмүнүн башчысы Гүлзар Султанбек кызы жооп берди.